Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mumenoon Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

مُسْتَكْبِرِينَ بِهِ سَامِرًا تَهْجُرُونَ
(«Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Кураан жөнүндө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр
أَفَلَمْ يَدَّبَّرُوا الْقَوْلَ أَمْ جَاءَهُمْ مَا لَمْ يَأْتِ آبَاءَهُمُ الْأَوَّلِينَ
Алар Сөзгө (Кураанга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби
أَمْ لَمْ يَعْرِفُوا رَسُولَهُمْ فَهُمْ لَهُ مُنْكِرُونَ
Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны (н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай
أَمْ يَقُولُونَ بِهِ جِنَّةٌ ۚ بَلْ جَاءَهُمْ بِالْحَقِّ وَأَكْثَرُهُمْ لِلْحَقِّ كَارِهُونَ
Же аны жинди деп жатышабы?!?* Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт
وَلَوِ اتَّبَعَ الْحَقُّ أَهْوَاءَهُمْ لَفَسَدَتِ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ وَمَنْ فِيهِنَّ ۚ بَلْ أَتَيْنَاهُمْ بِذِكْرِهِمْ فَهُمْ عَنْ ذِكْرِهِمْ مُعْرِضُونَ
Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Кураан менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан* жүз буруп жатышат

Choose other languages: