Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mulk Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

قُلْ هُوَ الَّذِي أَنْشَأَكُمْ وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ ۖ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ
Айткын: “Ал силерди жаратып, көз, кулак жана жүрөктөрдү берген. Өтө аз шүгүр кылуудасыңар!”
قُلْ هُوَ الَّذِي ذَرَأَكُمْ فِي الْأَرْضِ وَإِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
Айткын: «Ал силерди жер бетинде өндүрүп-өстүргөн. Жана (кайра тирилгенде) Өзүнө гана чогултуласыңар»
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана алар: «Эгер чынчыл болсоңор бул (кайра тирилүү жөнүндө) убада (Кыямат) качан?» дешет
قُلْ إِنَّمَا الْعِلْمُ عِنْدَ اللَّهِ وَإِنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын»
فَلَمَّا رَأَوْهُ زُلْفَةً سِيئَتْ وُجُوهُ الَّذِينَ كَفَرُوا وَقِيلَ هَٰذَا الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تَدَّعُونَ
Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!»-деп айтылат

Choose other languages: