Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Mulk Ayahs #30 Translated in Kyrgyz

قُلْ إِنَّمَا الْعِلْمُ عِنْدَ اللَّهِ وَإِنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُبِينٌ
Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын»
فَلَمَّا رَأَوْهُ زُلْفَةً سِيئَتْ وُجُوهُ الَّذِينَ كَفَرُوا وَقِيلَ هَٰذَا الَّذِي كُنْتُمْ بِهِ تَدَّعُونَ
Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!»-деп айтылат
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَهْلَكَنِيَ اللَّهُ وَمَنْ مَعِيَ أَوْ رَحِمَنَا فَمَنْ يُجِيرُ الْكَافِرِينَ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
Айткын: «(Ойлонуп) көрбөйсүңөрбү, эгер мени жана мени менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды Аллаһ (силер тилегендей) өлтүрчү болсо (бизге Акыреттик Бейиш даяр) же (узун өмүр берип) бизге ырайым кылса (Өзүнө сыйынып, шүгүр кылып жашай беребиз. Ал эми, силердин жаныңарды алчу болсо) анда силерди катуу азаптан ким сактап калат
قُلْ هُوَ الرَّحْمَٰنُ آمَنَّا بِهِ وَعَلَيْهِ تَوَكَّلْنَا ۖ فَسَتَعْلَمُونَ مَنْ هُوَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Айткын: «Ал — Рахман (Ырайымдуу)! Биз Ага ыйман келтирдик жана тобокел кылдык. А, силер (эй, каапырлар), ким анык адашууда экенин жакында билип аласыңар
قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَصْبَحَ مَاؤُكُمْ غَوْرًا فَمَنْ يَأْتِيكُمْ بِمَاءٍ مَعِينٍ
Айткын: «(Эй, каапырлар) ойлонуп көрбөйсүңөрбү, эгерде силердин сууңар жер астына сиңип кетсе, анда силерге аккан сууну ким келтирип берет

Choose other languages: