Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #37 Translated in Kyrgyz

إِنَّمَا جَزَاءُ الَّذِينَ يُحَارِبُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا أَنْ يُقَتَّلُوا أَوْ يُصَلَّبُوا أَوْ تُقَطَّعَ أَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُمْ مِنْ خِلَافٍ أَوْ يُنْفَوْا مِنَ الْأَرْضِ ۚ ذَٰلِكَ لَهُمْ خِزْيٌ فِي الدُّنْيَا ۖ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Чынында, Аллаһка жана пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы — өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болушу үчүн) жана Акыретте аларга улуу азап бар
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِنْ قَبْلِ أَنْ تَقْدِرُوا عَلَيْهِمْ ۖ فَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Ал эми, колго түшкөнгө чейин, өздөрү тооба кылып келишсе, билип койгула, Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу.”
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَابْتَغُوا إِلَيْهِ الْوَسِيلَةَ وَجَاهِدُوا فِي سَبِيلِهِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
О,ыйман келтиргендер! Аллаһтан корккула, Ага жакын болуунун жолдорун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. (Ошондо гана) силер жеңишке жетсеңер ажеп эмес
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لِيَفْتَدُوا بِهِ مِنْ عَذَابِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَا تُقُبِّلَ مِنْهُمْ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Каапыр адамдар, жер жүзүндө болгон мүлктүн бардыгы, дагы ошончо кошумчасы менен алардын менчиги болуп, жана ошол мүлктөрүн Кыямат Күндүн азабынан кутулуу үчүн беришсе да, алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн жан сыздаткан азап бар
يُرِيدُونَ أَنْ يَخْرُجُوا مِنَ النَّارِ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنْهَا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ مُقِيمٌ
Алар (дүйнө-мүлк берип) Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок, андан чыга алышпайт. Жана аларга түбөлүк азап бар

Choose other languages: