Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Maeda Ayahs #20 Translated in Kyrgyz

يَهْدِي بِهِ اللَّهُ مَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَهُ سُبُلَ السَّلَامِ وَيُخْرِجُهُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِهِ وَيَهْدِيهِمْ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Аллаһ ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазычылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) саламатта болуу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыктарынан (Исламдык) Нурга чыгарып, Туура Жолго баштайт
لَقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ ۚ قُلْ فَمَنْ يَمْلِكُ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا إِنْ أَرَادَ أَنْ يُهْلِكَ الْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا ۗ وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
“Аллаһ — бул Марямдын уулу Ыйса”-деген адамдар каапыр болушту. Айтчы: эгер Аллаһ Марямдын уулу Ыйсаны, анын апасын жана жер жүзүнүн бардык адамдарын жок кылууну кааласа, Аллаһ тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллаһка таандык. Аллаһ Өзү каалагандай жаратат. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү
وَقَالَتِ الْيَهُودُ وَالنَّصَارَىٰ نَحْنُ أَبْنَاءُ اللَّهِ وَأَحِبَّاؤُهُ ۚ قُلْ فَلِمَ يُعَذِّبُكُمْ بِذُنُوبِكُمْ ۖ بَلْ أَنْتُمْ بَشَرٌ مِمَّنْ خَلَقَ ۚ يَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۖ وَإِلَيْهِ الْمَصِيرُ
Яхудийлер менен христиандар: “Биз Аллаһтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллаһ силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллаһ жараткан (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллаһка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ قَدْ جَاءَكُمْ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمْ عَلَىٰ فَتْرَةٍ مِنَ الرُّسُلِ أَنْ تَقُولُوا مَا جَاءَنَا مِنْ بَشِيرٍ وَلَا نَذِيرٍ ۖ فَقَدْ جَاءَكُمْ بَشِيرٌ وَنَذِيرٌ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
О, китеп ээлери! Мына, (мурунку) пайгамбарлардан кийин бир нече замандар өтүп, (силер пайгамбарга өтө муктаж бир мезгилде) силерге Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) келди. (Келишинин себеби) силер (Кыяматта) “Бизге не бир Бейиш кабарчысы, не бир Тозок кабарчысы келген эмес” деп айта албасыңар үчүн. Силерге Бейиш-Тозоктон кабар берүүчү (пайгамбар) анык келди. (Аны уккула). Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَعَلَ فِيكُمْ أَنْبِيَاءَ وَجَعَلَكُمْ مُلُوكًا وَآتَاكُمْ مَا لَمْ يُؤْتِ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ
Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “О, коомум! Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кездерде Аллаһ силердин араңардан пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди

Choose other languages: