Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jinn Ayahs #23 Translated in Kyrgyz

وَأَنَّهُ لَمَّا قَامَ عَبْدُ اللَّهِ يَدْعُوهُ كَادُوا يَكُونُونَ عَلَيْهِ لِبَدًا
Аллаһтын пендеси (Мухаммад Кураан окуу менен) Аллаһка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды
قُلْ إِنَّمَا أَدْعُو رَبِّي وَلَا أُشْرِكُ بِهِ أَحَدًا
Айт (о, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”
قُلْ إِنِّي لَا أَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا رَشَدًا
Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”
قُلْ إِنِّي لَنْ يُجِيرَنِي مِنَ اللَّهِ أَحَدٌ وَلَنْ أَجِدَ مِنْ دُونِهِ مُلْتَحَدًا
(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын
إِلَّا بَلَاغًا مِنَ اللَّهِ وَرِسَالَاتِهِ ۚ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا
(Менин колумда) Аллаһ тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар) Ким Аллаһ жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат

Choose other languages: