Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jinn Ayahs #26 Translated in Kyrgyz

قُلْ إِنِّي لَنْ يُجِيرَنِي مِنَ اللَّهِ أَحَدٌ وَلَنْ أَجِدَ مِنْ دُونِهِ مُلْتَحَدًا
(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын
إِلَّا بَلَاغًا مِنَ اللَّهِ وَرِسَالَاتِهِ ۚ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا
(Менин колумда) Аллаһ тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар) Ким Аллаһ жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат
حَتَّىٰ إِذَا رَأَوْا مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ أَضْعَفُ نَاصِرًا وَأَقَلُّ عَدَدًا
Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат
قُلْ إِنْ أَدْرِي أَقَرِيبٌ مَا تُوعَدُونَ أَمْ يَجْعَلُ لَهُ رَبِّي أَمَدًا
Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”
عَالِمُ الْغَيْبِ فَلَا يُظْهِرُ عَلَىٰ غَيْبِهِ أَحَدًا
Кайыпты билүүчү (Аллаһ!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт

Choose other languages: