Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #88 Translated in Kyrgyz

قُلْ كُلٌّ يَعْمَلُ عَلَىٰ شَاكِلَتِهِ فَرَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَنْ هُوَ أَهْدَىٰ سَبِيلًا
Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким Туура Жол табуучу экенин жакшы билет
وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الرُّوحِ ۖ قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي وَمَا أُوتِيتُمْ مِنَ الْعِلْمِ إِلَّا قَلِيلًا
(О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген
وَلَئِنْ شِئْنَا لَنَذْهَبَنَّ بِالَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِ عَلَيْنَا وَكِيلًا
Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Кураанды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Кураанды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың
إِلَّا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ ۚ إِنَّ فَضْلَهُ كَانَ عَلَيْكَ كَبِيرًا
Ал эми, бир гана Раббиң тарабынан келген ырайым (себептүү гана Кураан сенден кетпей турат) Чынында, Раббиңдин сага берген пазилети өтө чоң
قُلْ لَئِنِ اجْتَمَعَتِ الْإِنْسُ وَالْجِنُّ عَلَىٰ أَنْ يَأْتُوا بِمِثْلِ هَٰذَا الْقُرْآنِ لَا يَأْتُونَ بِمِثْلِهِ وَلَوْ كَانَ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍ ظَهِيرًا
Айткын: «Эгер (бардык) инсандар жана жиндер ушул Кураан сыяктуу (бир китепти майданга) келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун (эч качан) келтире алышпайт

Choose other languages: