Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #87 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا أَنْعَمْنَا عَلَى الْإِنْسَانِ أَعْرَضَ وَنَأَىٰ بِجَانِبِهِ ۖ وَإِذَا مَسَّهُ الشَّرُّ كَانَ يَئُوسًا
Эгер Биз инсанга нээмат-жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллаһтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллаһтан биротоло) үмүтсүз болуп калат
قُلْ كُلٌّ يَعْمَلُ عَلَىٰ شَاكِلَتِهِ فَرَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَنْ هُوَ أَهْدَىٰ سَبِيلًا
Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким Туура Жол табуучу экенин жакшы билет
وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الرُّوحِ ۖ قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي وَمَا أُوتِيتُمْ مِنَ الْعِلْمِ إِلَّا قَلِيلًا
(О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген
وَلَئِنْ شِئْنَا لَنَذْهَبَنَّ بِالَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِ عَلَيْنَا وَكِيلًا
Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Кураанды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Кураанды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың
إِلَّا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ ۚ إِنَّ فَضْلَهُ كَانَ عَلَيْكَ كَبِيرًا
Ал эми, бир гана Раббиң тарабынан келген ырайым (себептүү гана Кураан сенден кетпей турат) Чынында, Раббиңдин сага берген пазилети өтө чоң

Choose other languages: