Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #58 Translated in Kyrgyz

رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِكُمْ ۖ إِنْ يَشَأْ يَرْحَمْكُمْ أَوْ إِنْ يَشَأْ يُعَذِّبْكُمْ ۚ وَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا
Аллаһ силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.” (Аллаһ) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз
وَرَبُّكَ أَعْلَمُ بِمَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ فَضَّلْنَا بَعْضَ النَّبِيِّينَ عَلَىٰ بَعْضٍ ۖ وَآتَيْنَا دَاوُودَ زَبُورًا
Сенин Раббиң асмандардагы жана жердеги нерселерди (силерден) жакшыраак Билүүчү. Биз кээ бир Пайгамбарларды кээ бирөөлөрүнөн абзел-жогору кылдык жана Даудга Забур (китебин) бердик
قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُمْ مِنْ دُونِهِ فَلَا يَمْلِكُونَ كَشْفَ الضُّرِّ عَنْكُمْ وَلَا تَحْوِيلًا
Айткын: «(О, мушриктер) Аллаһтан башка (өзүңөр кудай деп) ойлогонуңарга дуба кыла бергиле, баары бир алар силерден эч бир зыянды арылта албайт жана (ишиңерди жакшы же жаман жагына) өзөгөртө албайт
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يَدْعُونَ يَبْتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ الْوَسِيلَةَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ وَيَرْجُونَ رَحْمَتَهُ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُ ۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحْذُورًا
Алардын! өздөрү (Аллаһка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл
وَإِنْ مِنْ قَرْيَةٍ إِلَّا نَحْنُ مُهْلِكُوهَا قَبْلَ يَوْمِ الْقِيَامَةِ أَوْ مُعَذِّبُوهَا عَذَابًا شَدِيدًا ۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي الْكِتَابِ مَسْطُورًا
Биз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган

Choose other languages: