Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #61 Translated in Kyrgyz

أُولَٰئِكَ الَّذِينَ يَدْعُونَ يَبْتَغُونَ إِلَىٰ رَبِّهِمُ الْوَسِيلَةَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ وَيَرْجُونَ رَحْمَتَهُ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُ ۚ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحْذُورًا
Алардын! өздөрү (Аллаһка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл
وَإِنْ مِنْ قَرْيَةٍ إِلَّا نَحْنُ مُهْلِكُوهَا قَبْلَ يَوْمِ الْقِيَامَةِ أَوْ مُعَذِّبُوهَا عَذَابًا شَدِيدًا ۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي الْكِتَابِ مَسْطُورًا
Биз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган
وَمَا مَنَعَنَا أَنْ نُرْسِلَ بِالْآيَاتِ إِلَّا أَنْ كَذَّبَ بِهَا الْأَوَّلُونَ ۚ وَآتَيْنَا ثَمُودَ النَّاقَةَ مُبْصِرَةً فَظَلَمُوا بِهَا ۚ وَمَا نُرْسِلُ بِالْآيَاتِ إِلَّا تَخْوِيفًا
Бизди (мушриктерге) моожиза берүүдөн тоскон нерсе — абалкы (каапыр) коомдордун (моожизаны) «жалган» дегендери. Биз Самуд коомуна анык көрүнгөн төө бердик эле, ага зулум кылып (ишенбей) коюшту. Биз моожизаларды (элдерди жалгыз Аллаһтан) коркутуу үчүн гана жиберебиз
وَإِذْ قُلْنَا لَكَ إِنَّ رَبَّكَ أَحَاطَ بِالنَّاسِ ۚ وَمَا جَعَلْنَا الرُّؤْيَا الَّتِي أَرَيْنَاكَ إِلَّا فِتْنَةً لِلنَّاسِ وَالشَّجَرَةَ الْمَلْعُونَةَ فِي الْقُرْآنِ ۚ وَنُخَوِّفُهُمْ فَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا طُغْيَانًا كَبِيرًا
Жана бир кезде Биз сага: «Раббиң (Өзүнүн илими менен) адамдарды ороп алат» дегенбиз. Биз сага (Исраа түнүндө) көргөзгөн нерсе жана Кураандагы каргыш тийген (Заккум дарагы) адамдар үчүн сыноо. Биз аларды коркутабыз. Бирок, бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ قَالَ أَأَسْجُدُ لِمَنْ خَلَقْتَ طِينًا
Бир кезде Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дедик. Иблистен башка баары сажда кылышты. (Иблис болсо:) «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылат бекенмин» - деди

Choose other languages: