Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Insan Ayahs #21 Translated in Kyrgyz

وَيُسْقَوْنَ فِيهَا كَأْسًا كَانَ مِزَاجُهَا زَنْجَبِيلًا
Ал жерде (ыймандууларга) занжабил? аралаштырылган шарап
عَيْنًا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلْسَبِيلًا
(жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет)
وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَانٌ مُخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيْتَهُمْ حَسِبْتَهُمْ لُؤْلُؤًا مَنْثُورًا
Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң
وَإِذَا رَأَيْتَ ثَمَّ رَأَيْتَ نَعِيمًا وَمُلْكًا كَبِيرًا
Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң
عَالِيَهُمْ ثِيَابُ سُنْدُسٍ خُضْرٌ وَإِسْتَبْرَقٌ ۖ وَحُلُّوا أَسَاوِرَ مِنْ فِضَّةٍ وَسَقَاهُمْ رَبُّهُمْ شَرَابًا طَهُورًا
Алардын (Бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер... (Эркек- аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган... Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган

Choose other languages: