Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #46 Translated in Kyrgyz

إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт)
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ
Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ لِكُلِّ بَابٍ مِنْهُمْ جُزْءٌ مَقْسُومٌ
Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет)
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде
ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ آمِنِينَ
(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик)

Choose other languages: