Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #47 Translated in Kyrgyz

وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ
Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ لِكُلِّ بَابٍ مِنْهُمْ جُزْءٌ مَقْسُومٌ
Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет)
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде
ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ آمِنِينَ
(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик)
وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِمْ مِنْ غِلٍّ إِخْوَانًا عَلَىٰ سُرُرٍ مُتَقَابِلِينَ
Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)

Choose other languages: