Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #10 Translated in Kyrgyz

ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّهُ يُحْيِي الْمَوْتَىٰ وَأَنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Бул (жараяндардын мааниси) Аллаһ — Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү
وَأَنَّ السَّاعَةَ آتِيَةٌ لَا رَيْبَ فِيهَا وَأَنَّ اللَّهَ يَبْعَثُ مَنْ فِي الْقُبُورِ
Жана.., Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллаһ албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَلَا هُدًى وَلَا كِتَابٍ مُنِيرٍ
Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллаһ жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же Туура Жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок
ثَانِيَ عِطْفِهِ لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ۖ لَهُ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ ۖ وَنُذِيقُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَذَابَ الْحَرِيقِ
Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллаһтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз
ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ يَدَاكَ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ
(О, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллаһ пенделерге зулумдук кылуучу эмес

Choose other languages: