Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

لَنْ يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَٰكِنْ يَنَالُهُ التَّقْوَىٰ مِنْكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرَهَا لَكُمْ لِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ ۗ وَبَشِّرِ الْمُحْسِنِينَ
Аллаһка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллаһты улуктап («Бисмилаахи Аллаһу Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык (ихсан) кылуучуларга (Бейиштен) кушкабар бер
إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ آمَنُوا ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ خَوَّانٍ كَفُورٍ
Аллаһ ыймандуу адамдарды коргойт. Албетте, Аллаһ ар бир кыянатчы, шүгүр кылбаган пенделерди сүйбөйт
أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَاتَلُونَ بِأَنَّهُمْ ظُلِمُوا ۚ وَإِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ نَصْرِهِمْ لَقَدِيرٌ
(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (момун) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллаһ аларга жардам берүүгө кудуреттүү
الَّذِينَ أُخْرِجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ بِغَيْرِ حَقٍّ إِلَّا أَنْ يَقُولُوا رَبُّنَا اللَّهُ ۗ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللَّهِ كَثِيرًا ۗ وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим — Аллаһ» деген сөздөрү үчүн гана (кууп) чыгарылган эле. Эгер Аллаһтын кээ бир (заалым) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллаһтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.? Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллаһ да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллаһ Кубаттуу, Кудуреттүү! (Кийинки аятта Аллайһ Таала Өз динине жардам берген адамдардын сыпаттарын баяндайт)
الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ ۗ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ
Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллаһтын Колунда

Choose other languages: