Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

يُصْهَرُ بِهِ مَا فِي بُطُونِهِمْ وَالْجُلُودُ
Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет
وَلَهُمْ مَقَامِعُ مِنْ حَدِيدٍ
Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар
كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا مِنْ غَمٍّ أُعِيدُوا فِيهَا وَذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ
Ар качан Тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!»-(деп айтылат)
إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَلُؤْلُؤًا ۖ وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌ
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллаһ (Таала) түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет. Алар бермет, жакут, маржандар (асыл таштар) менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот
وَهُدُوا إِلَى الطَّيِّبِ مِنَ الْقَوْلِ وَهُدُوا إِلَىٰ صِرَاطِ الْحَمِيدِ
(Мунун себеби) Алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллаһтын) жолуна багытталган эле

Choose other languages: