Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hajj Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَسْجُدُ لَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ وَالشَّمْسُ وَالْقَمَرُ وَالنُّجُومُ وَالْجِبَالُ وَالشَّجَرُ وَالدَّوَابُّ وَكَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ ۖ وَكَثِيرٌ حَقَّ عَلَيْهِ الْعَذَابُ ۗ وَمَنْ يُهِنِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ مُكْرِمٍ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ ۩
(О, Мухаммад!) Карачы, Аллаһка жер-асмандагылардын бардыгы: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап хак (адилет жаза) болду. Аллаһ кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллаһ каалаган нерсесин жасайт
هَٰذَانِ خَصْمَانِ اخْتَصَمُوا فِي رَبِّهِمْ ۖ فَالَّذِينَ كَفَرُوا قُطِّعَتْ لَهُمْ ثِيَابٌ مِنْ نَارٍ يُصَبُّ مِنْ فَوْقِ رُءُوسِهِمُ الْحَمِيمُ
Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен момундар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.! Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат!? (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык)
يُصْهَرُ بِهِ مَا فِي بُطُونِهِمْ وَالْجُلُودُ
Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет
وَلَهُمْ مَقَامِعُ مِنْ حَدِيدٍ
Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар
كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا مِنْ غَمٍّ أُعِيدُوا فِيهَا وَذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ
Ар качан Тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!»-(деп айтылат)

Choose other languages: