Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #208 Translated in Kyrgyz

وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُعْجِبُكَ قَوْلُهُ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيُشْهِدُ اللَّهَ عَلَىٰ مَا فِي قَلْبِهِ وَهُوَ أَلَدُّ الْخِصَامِ
(О, Мухаммад!) Адамдардын арасында ушундайлары бар: бул дүйнө жашоосунда анын сөздөрү сени кызыктырып койот. Ал жүрөгүндөгү нерсеге Аллаһты күбө кылат (ант ичет). Чынында, ал (Исламга) элдешкис душман
وَإِذَا تَوَلَّىٰ سَعَىٰ فِي الْأَرْضِ لِيُفْسِدَ فِيهَا وَيُهْلِكَ الْحَرْثَ وَالنَّسْلَ ۗ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْفَسَادَ
Ал сенин алдыңан кетээри менен, жер бетин бузукулуктарга толтуруш үчүн, эгиндерди, насилдерди курутуш үчүн аракеттерин баштайт. Аллаһ болсо, бузукулукту сүйбөйт
وَإِذَا قِيلَ لَهُ اتَّقِ اللَّهَ أَخَذَتْهُ الْعِزَّةُ بِالْإِثْمِ ۚ فَحَسْبُهُ جَهَنَّمُ ۚ وَلَبِئْسَ الْمِهَادُ
Эгер ага “Аллаһтан корк” деп айтылчу болсо, күнөө менен (бирге) текеберлиги (да) кармап калат. Ага Тозок жетиштүү! Ал не деген жаман орун
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَشْرِي نَفْسَهُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ
Адамдардын арасында өз жанын Аллаһ ыраазычылыгы жолунда саткандары (курман кылгандары) да бар. Аллаһ өз пенделерине кайрымдуу
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ
О, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтандын изинен ээрчибегиле! Ал силерге анык душман

Choose other languages: