Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #210 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا قِيلَ لَهُ اتَّقِ اللَّهَ أَخَذَتْهُ الْعِزَّةُ بِالْإِثْمِ ۚ فَحَسْبُهُ جَهَنَّمُ ۚ وَلَبِئْسَ الْمِهَادُ
Эгер ага “Аллаһтан корк” деп айтылчу болсо, күнөө менен (бирге) текеберлиги (да) кармап калат. Ага Тозок жетиштүү! Ал не деген жаман орун
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَشْرِي نَفْسَهُ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ
Адамдардын арасында өз жанын Аллаһ ыраазычылыгы жолунда саткандары (курман кылгандары) да бар. Аллаһ өз пенделерине кайрымдуу
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً وَلَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ ۚ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ
О, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтандын изинен ээрчибегиле! Ал силерге анык душман
فَإِنْ زَلَلْتُمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَتْكُمُ الْبَيِّنَاتُ فَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Эгер силерге (Раббиңер тарабынан) анык илим-далилдер (Кураан-Сүннөт) келгенден кийин деле жолдон тая берсеңер, билип койгула: Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا أَنْ يَأْتِيَهُمُ اللَّهُ فِي ظُلَلٍ مِنَ الْغَمَامِ وَالْمَلَائِكَةُ وَقُضِيَ الْأَمْرُ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Алар (жер бетинде бузукулукту тараткандар менен шайтанга ээрчигендер, Кыяматта) Аллаһ жана периштелер булуттардын көлөкөсүндө келишинен (жана аларга адилеттүүлүк менен өкүм кылып, жаза беришинен) башканы күтүшпөйт. Анан иш бүтөт жана бардык иштер Аллаһка кайтарылат

Choose other languages: