Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #202 Translated in Kyrgyz

لَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَبْتَغُوا فَضْلًا مِنْ رَبِّكُمْ ۚ فَإِذَا أَفَضْتُمْ مِنْ عَرَفَاتٍ فَاذْكُرُوا اللَّهَ عِنْدَ الْمَشْعَرِ الْحَرَامِ ۖ وَاذْكُرُوهُ كَمَا هَدَاكُمْ وَإِنْ كُنْتُمْ مِنْ قَبْلِهِ لَمِنَ الضَّالِّينَ
(Хаж ибадаты мезгилинде адал кесип, же соода менен) Раббиңерден пазилет үмүт кылууңарда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Машьар-ул-харамда (Муздалифа өрөөнүндө) токтоп, Аллаһты зикир кылгыла жана Аллаһ силерди адашканыңардан кийин, Туура Жолго салганы үчүн, силер да Аны эстегиле
ثُمَّ أَفِيضُوا مِنْ حَيْثُ أَفَاضَ النَّاسُ وَاسْتَغْفِرُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Андан соң (Муздалифадан Каабаны көздөй) адамдар түшкөн багыт менен түшкүлө жана Аллаһтан кечирим сурагыла. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
فَإِذَا قَضَيْتُمْ مَنَاسِكَكُمْ فَاذْكُرُوا اللَّهَ كَذِكْرِكُمْ آبَاءَكُمْ أَوْ أَشَدَّ ذِكْرًا ۗ فَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا وَمَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ مِنْ خَلَاقٍ
Ал эми, ибадат - жөрөлгөңөрдү аткарып болгон соң (такбирлерди айтып) Аллаһты, ата-бабаңарды эстегендей же андан да катуураак эстегиле. Адамдардан кээ бирөөлөрү (Акыретти унутуп): “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө бер”-дешет. Андайларга Акыреттен насип жок
وَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ
Алардан дагы бирөөлөрү: “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди Тозок азабынан сакта!” - дешет
أُولَٰئِكَ لَهُمْ نَصِيبٌ مِمَّا كَسَبُوا ۚ وَاللَّهُ سَرِيعُ الْحِسَابِ
(Акыретте) дал ошол адамдар үчүн жасаган (жакшы) иштеринен насип бар. Аллаһ өтө тез эсептешет

Choose other languages: