Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #193 Translated in Kyrgyz

يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَهِلَّةِ ۖ قُلْ هِيَ مَوَاقِيتُ لِلنَّاسِ وَالْحَجِّ ۗ وَلَيْسَ الْبِرُّ بِأَنْ تَأْتُوا الْبُيُوتَ مِنْ ظُهُورِهَا وَلَٰكِنَّ الْبِرَّ مَنِ اتَّقَىٰ ۗ وَأْتُوا الْبُيُوتَ مِنْ أَبْوَابِهَا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
(О, Мухаммад) Сенден “хилалдар” (ичке орок сымал айлар) жөнүндө сурашат. Айт: “Алар адамдарга убакыттарды жана хаж (ажылык) убактысын белгилөө үчүн. Үйүңөргө арт жагынан кирүүңөр жакшылык эмес, бирок, жакшылык — бул Аллаһтан корккон киши(нин пейилдеринде жатат). Үйүңөргө эшиктеринен киргиле жана Аллаһтан корккула! (Ошондо гана) жеңишке (Бейишке) жетсеңер ажеп эмес
وَقَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ الَّذِينَ يُقَاتِلُونَكُمْ وَلَا تَعْتَدُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ
(О, мусулмандар!) Аллаһтын жолунда (Анын дининин жогору болушу үчүн) силерге согуш ачкандарга каршы согушкула жана чектен чыкпагыла” Аллаһ чектен чыккандарды сүйбөйт
وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ ۚ وَالْفِتْنَةُ أَشَدُّ مِنَ الْقَتْلِ ۚ وَلَا تُقَاتِلُوهُمْ عِنْدَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ حَتَّىٰ يُقَاتِلُوكُمْ فِيهِ ۖ فَإِنْ قَاتَلُوكُمْ فَاقْتُلُوهُمْ ۗ كَذَٰلِكَ جَزَاءُ الْكَافِرِينَ
Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө, силерди сүрүп чыгарган жерден аларды да сүрүп чыгаргыла. Фитна (динден азгыруу, бузукулук) адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар менен “Масжид Аль-Харамдын” алдында силерге каршы согушмайынча согушпагыла, Эгер алар согушту баштаса, анда өлтүрө бергиле, каапырлардын жазасы — ушундай
فَإِنِ انْتَهَوْا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эгер (согушту) токтотушса (каапырчылыктарынан кайтып, мусулман болушса) анда, Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ لِلَّهِ ۖ فَإِنِ انْتَهَوْا فَلَا عُدْوَانَ إِلَّا عَلَى الظَّالِمِينَ
Качан (жер бетинен) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) жок болмоюнча жана дин Аллаһ үчүн болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле

Choose other languages: