Surah Al-Baqara Ayahs #136 Translated in Kyrgyz
وَوَصَّىٰ بِهَا إِبْرَاهِيمُ بَنِيهِ وَيَعْقُوبُ يَا بَنِيَّ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَىٰ لَكُمُ الدِّينَ فَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنْتُمْ مُسْلِمُونَ
Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Жана Яькуб дагы балдарына: “О, балдарым, Аллаһ силерге ушул динди тандады. Эми, силер (жалгыз Аллаһтын Өзүнө) моюн сунган (мусулман) абалда гана өлгүлө” деп осуят кылган
أَمْ كُنْتُمْ شُهَدَاءَ إِذْ حَضَرَ يَعْقُوبَ الْمَوْتُ إِذْ قَالَ لِبَنِيهِ مَا تَعْبُدُونَ مِنْ بَعْدِي قَالُوا نَعْبُدُ إِلَٰهَكَ وَإِلَٰهَ آبَائِكَ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ إِلَٰهًا وَاحِدًا وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ
Силер, Яькубга! өлүм келген убакытта күбө болдуңар беле?! Ал балдарына”: “Менден кийин эмнеге сыйынасыңар?” дегенде, алар: “Сенин жана аталарың Исхак, Ысмайыл, Ибрахимдердин кудайы — жалгыз Кудайга (Аллаһка) сыйынабыз. Жана биз Ага моюн сунуучубуз” дешкен
تِلْكَ أُمَّةٌ قَدْ خَلَتْ ۖ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَلَكُمْ مَا كَسَبْتُمْ ۖ وَلَا تُسْأَلُونَ عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Бул үммөттөр өтүп кетишти. Алар өз иштерине жооп берет, силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Алар жасаган иштер үчүн силер суракка тартылбайсыңар
وَقَالُوا كُونُوا هُودًا أَوْ نَصَارَىٰ تَهْتَدُوا ۗ قُلْ بَلْ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۖ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Алар “Яхудий же христиан болсоңор гана туура жол табасыңар” дешет. Сен аларга айт: “Андай эмес! Ибрахимдин таухидге негизделген дини(не гана ээрчийбиз!) Жана ал (Ибрахим) мушриктерден болбогон!?”
قُولُوا آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَمَا أُنْزِلَ إِلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَمَا أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَمَا أُوتِيَ النَّبِيُّونَ مِنْ رَبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ
Айткыла (Оо, момундар): “Биз Аллаһка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Ыйсага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллаһка моюн сунуучуларданбыз”
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
