Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #16 Translated in Kyrgyz

أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ الْمُفْسِدُونَ وَلَٰكِنْ لَا يَشْعُرُونَ
Көңүл бургула! Алар — анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا كَمَا آمَنَ النَّاسُ قَالُوا أَنُؤْمِنُ كَمَا آمَنَ السُّفَهَاءُ ۗ أَلَا إِنَّهُمْ هُمُ السُّفَهَاءُ وَلَٰكِنْ لَا يَعْلَمُونَ
Дагы аларга «Адамдар (сахаабалар) ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле»-деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ый-ман келтиребизби?!»-дешет. Көңүл бургула! Өздөрү анык акмак! Бирок, (муну) билишпейт
وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَىٰ شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ
Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик»-дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз»-дешет
اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ وَيَمُدُّهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
Аллаһ өздөрүн шерменде кылат жана баштары айланганча каапырчылыкта жүрүүлөрүн узартат
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَىٰ فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ
Алар- Туура Жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана Туура Жолго түшүүчү болушпады

Choose other languages: