Surah Al-Baqara Ayahs #125 Translated in Kyrgyz
الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَتْلُونَهُ حَقَّ تِلَاوَتِهِ أُولَٰئِكَ يُؤْمِنُونَ بِهِ ۗ وَمَنْ يَكْفُرْ بِهِ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Биз китеп (Тоорат) берген адамдар (арасындагы анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгандары) аны туура (бурмалабай) окушат. Ошолор ага (Кураанга) ыйман келтиришет. Ал эми, кимде-ким ага ыйман келтирбесе, ошолор (эки дүйнөдө) зыян көрүүчүлөр
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اذْكُرُوا نِعْمَتِيَ الَّتِي أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَنِّي فَضَّلْتُكُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ
О, Исрайил урпактары! Мен силерге берген (бардык) нээматымды жана силерди ааламдардан абзел кылганымды эстегиле
وَاتَّقُوا يَوْمًا لَا تَجْزِي نَفْسٌ عَنْ نَفْسٍ شَيْئًا وَلَا يُقْبَلُ مِنْهَا عَدْلٌ وَلَا تَنْفَعُهَا شَفَاعَةٌ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ
Жана (Аллаһтан башка) эч ким эч кимге жаза (сыйлык же азап) бере албай турган, эч бир жандан (күнөөлөрү үчүн) төлөө кабыл алынбай турган, (Аллаһтын уруксаты болмоюнча) ага эч кандай шапаат (ортомчулук) пайда бербей турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (Кыяматтан) корккула
وَإِذِ ابْتَلَىٰ إِبْرَاهِيمَ رَبُّهُ بِكَلِمَاتٍ فَأَتَمَّهُنَّ ۖ قَالَ إِنِّي جَاعِلُكَ لِلنَّاسِ إِمَامًا ۖ قَالَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي ۖ قَالَ لَا يَنَالُ عَهْدِي الظَّالِمِينَ
Эстегин: Раббиси Ибрахимди бир нече сөздөр менен сынады эле, аларды толук аткарды. (Анан ага) “Мен сени (бардык) адамдарга (динде) жолбашчы кыламын” деди. (Ибрахим) айтты: “Менин урпактарымдан дагы (жолбашчылар чыгара көр) ! (Анда Аллаһ:) “Менин убадам заалым (каапыр) адамдарга тийбейт” -деди
وَإِذْ جَعَلْنَا الْبَيْتَ مَثَابَةً لِلنَّاسِ وَأَمْنًا وَاتَّخِذُوا مِنْ مَقَامِ إِبْرَاهِيمَ مُصَلًّى ۖ وَعَهِدْنَا إِلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ أَنْ طَهِّرَا بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْعَاكِفِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ
Жана эстегин, Биз Үйдү (Каабаны) адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып: “Ибрахимдин ордун! ибадат жайы кылып алгыла” (деп буюрдук). Жана Ибрахим менен Ысмайылга: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар,? рукуу жана сажда кылуучулар үчүн (ширктен, күнөөдөн жана нажастардан) тазалагыла” деп вахий (буйрук) кылдык
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
