Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #112 Translated in Kyrgyz

أَمْ تُرِيدُونَ أَنْ تَسْأَلُوا رَسُولَكُمْ كَمَا سُئِلَ مُوسَىٰ مِنْ قَبْلُ ۗ وَمَنْ يَتَبَدَّلِ الْكُفْرَ بِالْإِيمَانِ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ
Же болбосо (о, ыймандуулар), пайгамбарыңарга, мурун Мусага (яхудийлер тарабынан каяша) суроо берилгени сыяктуу суроо узатууну каалайсыңарбы?!! Жана ким ыйманды каапырчылыкка алмаштырса, туура жолдон адашканы ошол
وَدَّ كَثِيرٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يَرُدُّونَكُمْ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِكُمْ كُفَّارًا حَسَدًا مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْحَقُّ ۖ فَاعْفُوا وَاصْفَحُوا حَتَّىٰ يَأْتِيَ اللَّهُ بِأَمْرِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Китеп ээлеринен көпчүлүгү, аларга чындык анык билинип калгандан кийин деле, көралбастыктарынан улам, силерди момун болгонуңардан соң каапырчылыкка кайтарууну абдан каалашат. Бирок, силер Аллаһтын өкүмү келгиче аларды кечирип, көтөрүмдүү болуп тургула. Албетте Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ۚ وَمَا تُقَدِّمُوا لِأَنْفُسِكُمْ مِنْ خَيْرٍ تَجِدُوهُ عِنْدَ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле. Өзүңөр үчүн эмне жакшылык жасасаңар, аны Аллаһтын алдында (сооп иретинде) табасыңар. Албетте, Аллаһ силердин бардык ишиңерди Көрүүчү
وَقَالُوا لَنْ يَدْخُلَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ كَانَ هُودًا أَوْ نَصَارَىٰ ۗ تِلْكَ أَمَانِيُّهُمْ ۗ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Китеп ээлери) “Бейишке яхудийлер же христиандар гана кирет” дешти. Бул алардын кыялдарынан башка эмес. Сен (о, Мухаммад, аларга) айт: “Эгер сөзүңөр чын болсо, анда далилиңерди алып келгиле!”
بَلَىٰ مَنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ فَلَهُ أَجْرُهُ عِنْدَ رَبِّهِ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Андай эмес! Ким жакшылык жасаган! абалда Аллаһга жүзүн (өзүн) толук багынтып, иштерин Аллаһ үчүн калыс кылса, ал үчүн Раббисинин алдында сообу (Бейиши) даяр. Аларга эч коркунуч болбойт жана эч кайгы-капага батышпайт

Choose other languages: