Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #115 Translated in Kyrgyz

وَقَالُوا لَنْ يَدْخُلَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ كَانَ هُودًا أَوْ نَصَارَىٰ ۗ تِلْكَ أَمَانِيُّهُمْ ۗ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Китеп ээлери) “Бейишке яхудийлер же христиандар гана кирет” дешти. Бул алардын кыялдарынан башка эмес. Сен (о, Мухаммад, аларга) айт: “Эгер сөзүңөр чын болсо, анда далилиңерди алып келгиле!”
بَلَىٰ مَنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ فَلَهُ أَجْرُهُ عِنْدَ رَبِّهِ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
Андай эмес! Ким жакшылык жасаган! абалда Аллаһга жүзүн (өзүн) толук багынтып, иштерин Аллаһ үчүн калыс кылса, ал үчүн Раббисинин алдында сообу (Бейиши) даяр. Аларга эч коркунуч болбойт жана эч кайгы-капага батышпайт
وَقَالَتِ الْيَهُودُ لَيْسَتِ النَّصَارَىٰ عَلَىٰ شَيْءٍ وَقَالَتِ النَّصَارَىٰ لَيْسَتِ الْيَهُودُ عَلَىٰ شَيْءٍ وَهُمْ يَتْلُونَ الْكِتَابَ ۗ كَذَٰلِكَ قَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ مِثْلَ قَوْلِهِمْ ۚ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Яхудийлер: “Христиандар чындыктын үстүндө эмес” дешет. Христиандар болсо “Яхудийлер чындыктын үстүндө эмес” дешет. Дагы алар Китеп (Тоорат жана Инжил) окушат! (Китеп окууну) билбей турган адамдар (мушриктер) да ошолордун сөзүндөй сөз сүйлөшөт. Кыяматта алардын талашкан маселелери жөнүндө Аллаһ (Өзү гана) өкүм кылат
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَىٰ فِي خَرَابِهَا ۚ أُولَٰئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ ۚ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллаһтын мечиттеринен тоскон жана аларды бузуп-талкалоого аракет кылган адамдардан өткөн заалым (каапыр) барбы?!! Алар мечиттерге Аллаһтан корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик, Акыретте чоң азап бар
وَلِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ ۚ فَأَيْنَمَا تُوَلُّوا فَثَمَّ وَجْهُ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллаһка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллаһтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллаһ (Тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү

Choose other languages: