Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #87 Translated in Kyrgyz

وَتِلْكَ حُجَّتُنَا آتَيْنَاهَا إِبْرَاهِيمَ عَلَىٰ قَوْمِهِ ۚ نَرْفَعُ دَرَجَاتٍ مَنْ نَشَاءُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
(Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер — ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Албетте, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү
وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ ۚ كُلًّا هَدَيْنَا ۚ وَنُوحًا هَدَيْنَا مِنْ قَبْلُ ۖ وَمِنْ ذُرِّيَّتِهِ دَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ وَأَيُّوبَ وَيُوسُفَ وَمُوسَىٰ وَهَارُونَ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Жана Биз ага (Ибрахимге) Исхак менен (анын уулу) Яькубду! белек кылдык. Биз ал экөөнү тең Туура Жолго баштаганбыз. Жана биз (алардан) мурун Нухту Туура Жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду жана Сулайманды, Айюбду жана Юсуфту, Мусаны жана Харунду (Туура Жолго багыттаганбыз) Биз жакшылык кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз
وَزَكَرِيَّا وَيَحْيَىٰ وَعِيسَىٰ وَإِلْيَاسَ ۖ كُلٌّ مِنَ الصَّالِحِينَ
Жана Закария, Яхя, Ыйса, Илясты (дагы Туура Жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан
وَإِسْمَاعِيلَ وَالْيَسَعَ وَيُونُسَ وَلُوطًا ۚ وَكُلًّا فَضَّلْنَا عَلَى الْعَالَمِينَ
Жана Ысмайыл, Аль-Ясаь, Юнус, Лутту да (Туура Жолго багыттадык). Жана бардыгын ааламдардан абзел кылдык
وَمِنْ آبَائِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ وَإِخْوَانِهِمْ ۖ وَاجْتَبَيْنَاهُمْ وَهَدَيْنَاهُمْ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, Туура Жолго баштадык

Choose other languages: