Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #83 Translated in Kyrgyz

إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا ۖ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Мен адашуучулуктан акыйкатка көчкөн абалда, жүзүмдү асмандар жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллаһка) бурдум. Жана мен (эч качан) мушриктерден болбоймун” - деди
وَحَاجَّهُ قَوْمُهُ ۚ قَالَ أَتُحَاجُّونِّي فِي اللَّهِ وَقَدْ هَدَانِ ۚ وَلَا أَخَافُ مَا تُشْرِكُونَ بِهِ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ رَبِّي شَيْئًا ۗ وَسِعَ رَبِّي كُلَّ شَيْءٍ عِلْمًا ۗ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ
Жана ага (каршы) өз эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллаһ жөнүндө тартышып жатасыңарбы?! Ал мени Туура Жолго баштады! Мен силер (Аллаһка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян келтире албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө) ойлонсоңор болбойбу?!” - деди
وَكَيْفَ أَخَافُ مَا أَشْرَكْتُمْ وَلَا تَخَافُونَ أَنَّكُمْ أَشْرَكْتُمْ بِاللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا ۚ فَأَيُّ الْفَرِيقَيْنِ أَحَقُّ بِالْأَمْنِ ۖ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Силер (анын кудай экенине Аллайһ) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллаһка шерик кылуудан коркпосоңор, мен кантип силер (Аллаһка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калайын?! Эгер билсеңер, айткалачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)
الَّذِينَ آمَنُوا وَلَمْ يَلْبِسُوا إِيمَانَهُمْ بِظُلْمٍ أُولَٰئِكَ لَهُمُ الْأَمْنُ وَهُمْ مُهْتَدُونَ
(Жалгыз Раббиге) ыйман келтирип, ыймандарына зулум (ширк) аралаштырбаган адамдарга гана бейпилдик-тынчтык болот. Жана алар - Туура Жол тапкандар
وَتِلْكَ حُجَّتُنَا آتَيْنَاهَا إِبْرَاهِيمَ عَلَىٰ قَوْمِهِ ۚ نَرْفَعُ دَرَجَاتٍ مَنْ نَشَاءُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
(Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер — ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Албетте, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү

Choose other languages: