Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #78 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ لِأَبِيهِ آزَرَ أَتَتَّخِذُ أَصْنَامًا آلِهَةً ۖ إِنِّي أَرَاكَ وَقَوْمَكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайда же зыян бере албаган) таштарды сыйынууга татыктуу кудайлар деп билесизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” -деди
وَكَذَٰلِكَ نُرِي إِبْرَاهِيمَ مَلَكُوتَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلِيَكُونَ مِنَ الْمُوقِنِينَ
Ошентип, Биз Ибрахимге анык ишенүүчүлөрдөн болушу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көргөздүк
فَلَمَّا جَنَّ عَلَيْهِ اللَّيْلُ رَأَىٰ كَوْكَبًا ۖ قَالَ هَٰذَا رَبِّي ۖ فَلَمَّا أَفَلَ قَالَ لَا أُحِبُّ الْآفِلِينَ
Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз кайып болуп кеткенде “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди
فَلَمَّا رَأَى الْقَمَرَ بَازِغًا قَالَ هَٰذَا رَبِّي ۖ فَلَمَّا أَفَلَ قَالَ لَئِنْ لَمْ يَهْدِنِي رَبِّي لَأَكُونَنَّ مِنَ الْقَوْمِ الضَّالِّينَ
Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени Туура Жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди
فَلَمَّا رَأَى الشَّمْسَ بَازِغَةً قَالَ هَٰذَا رَبِّي هَٰذَا أَكْبَرُ ۖ فَلَمَّا أَفَلَتْ قَالَ يَا قَوْمِ إِنِّي بَرِيءٌ مِمَّا تُشْرِكُونَ
Андан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим — ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби -Аллаһ экенинен шек санабай) “О, элим! Мен силер (Аллаһка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын

Choose other languages: