Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #77 Translated in Kyrgyz

وَهُوَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۖ وَيَوْمَ يَقُولُ كُنْ فَيَكُونُ ۚ قَوْلُهُ الْحَقُّ ۚ وَلَهُ الْمُلْكُ يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ ۚ عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ ۚ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْخَبِيرُ
Жана Ал - асмандар менен жерди акыйкат менен жараткан Кудай. Ал “бол!” деген күндө болуп (жаралып) калат. Анын Сөзү - чындык! «Сур» (деген чоор) тартылган күнү бүт падышалык Ага гана таандык болот. Ал көрүнгөндү да көмүскөнү да Билүүчү! Жана Ал — Даанышман, Кабардар
وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ لِأَبِيهِ آزَرَ أَتَتَّخِذُ أَصْنَامًا آلِهَةً ۖ إِنِّي أَرَاكَ وَقَوْمَكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайда же зыян бере албаган) таштарды сыйынууга татыктуу кудайлар деп билесизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” -деди
وَكَذَٰلِكَ نُرِي إِبْرَاهِيمَ مَلَكُوتَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلِيَكُونَ مِنَ الْمُوقِنِينَ
Ошентип, Биз Ибрахимге анык ишенүүчүлөрдөн болушу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көргөздүк
فَلَمَّا جَنَّ عَلَيْهِ اللَّيْلُ رَأَىٰ كَوْكَبًا ۖ قَالَ هَٰذَا رَبِّي ۖ فَلَمَّا أَفَلَ قَالَ لَا أُحِبُّ الْآفِلِينَ
Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз кайып болуп кеткенде “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди
فَلَمَّا رَأَى الْقَمَرَ بَازِغًا قَالَ هَٰذَا رَبِّي ۖ فَلَمَّا أَفَلَ قَالَ لَئِنْ لَمْ يَهْدِنِي رَبِّي لَأَكُونَنَّ مِنَ الْقَوْمِ الضَّالِّينَ
Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени Туура Жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди

Choose other languages: