Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #44 Translated in Kyrgyz

قُلْ أَرَأَيْتَكُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُ اللَّهِ أَوْ أَتَتْكُمُ السَّاعَةُ أَغَيْرَ اللَّهِ تَدْعُونَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
(Мушриктерге) Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, эгер силерге Аллаһтын азабы же Кыямат келип калса, Аллаһтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”
بَلْ إِيَّاهُ تَدْعُونَ فَيَكْشِفُ مَا تَدْعُونَ إِلَيْهِ إِنْ شَاءَ وَتَنْسَوْنَ مَا تُشْرِكُونَ
Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерсени (азапты) арылтат. Ал эми, Аллаһка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَىٰ أُمَمٍ مِنْ قَبْلِكَ فَأَخَذْنَاهُمْ بِالْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ لَعَلَّهُمْ يَتَضَرَّعُونَ
Биз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тооба-топук кылуулары үчүн балээ - зыяндар менен кармадык
فَلَوْلَا إِذْ جَاءَهُمْ بَأْسُنَا تَضَرَّعُوا وَلَٰكِنْ قَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тооба кылышса кана! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн
فَلَمَّا نَسُوا مَا ذُكِّرُوا بِهِ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ أَبْوَابَ كُلِّ شَيْءٍ حَتَّىٰ إِذَا فَرِحُوا بِمَا أُوتُوا أَخَذْنَاهُمْ بَغْتَةً فَإِذَا هُمْ مُبْلِسُونَ
Анан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук! Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты

Choose other languages: