Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #5 Translated in Kyrgyz

6:1
الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَجَعَلَ الظُّلُمَاتِ وَالنُّورَ ۖ ثُمَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ
Асмандарды жана Жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллаһка мактоолор!? Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат
6:2
هُوَ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ طِينٍ ثُمَّ قَضَىٰ أَجَلًا ۖ وَأَجَلٌ مُسَمًّى عِنْدَهُ ۖ ثُمَّ أَنْتُمْ تَمْتَرُونَ
Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Жана Анын (Аллаһтын) алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыя-маттан) шектенип жатасыңар
6:3
وَهُوَ اللَّهُ فِي السَّمَاوَاتِ وَفِي الْأَرْضِ ۖ يَعْلَمُ سِرَّكُمْ وَجَهْرَكُمْ وَيَعْلَمُ مَا تَكْسِبُونَ
Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллаһ. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат
6:4
وَمَا تَأْتِيهِمْ مِنْ آيَةٍ مِنْ آيَاتِ رَبِّهِمْ إِلَّا كَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ
Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат(аны угуп, пикир кылып көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти
6:5
فَقَدْ كَذَّبُوا بِالْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ ۖ فَسَوْفَ يَأْتِيهِمْ أَنْبَاءُ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Алар өздөрүнө келген кезде акыйкатты! жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет

Choose other languages: