Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #129 Translated in Kyrgyz

فَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يَهْدِيَهُ يَشْرَحْ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ ۖ وَمَنْ يُرِدْ أَنْ يُضِلَّهُ يَجْعَلْ صَدْرَهُ ضَيِّقًا حَرَجًا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِي السَّمَاءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ اللَّهُ الرِّجْسَ عَلَى الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ
Аллаһ кимди хидаятка (Туура Жолго) баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллаһ ыйман келтирбегендерге мына ушинтип жаза берет
وَهَٰذَا صِرَاطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًا ۗ قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ
Мына ушул (жогоруда айтылгандар) Раббиңдин Туура Жолу. Биз (Аллаһты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик
لَهُمْ دَارُ السَّلَامِ عِنْدَ رَبِّهِمْ ۖ وَهُوَ وَلِيُّهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ошол (Аллаһты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында Тынчтык үйү (Бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (Бейиште) алардын камкору Аллаһ
وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا يَا مَعْشَرَ الْجِنِّ قَدِ اسْتَكْثَرْتُمْ مِنَ الْإِنْسِ ۖ وَقَالَ أَوْلِيَاؤُهُمْ مِنَ الْإِنْسِ رَبَّنَا اسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍ وَبَلَغْنَا أَجَلَنَا الَّذِي أَجَّلْتَ لَنَا ۚ قَالَ النَّارُ مَثْوَاكُمْ خَالِدِينَ فِيهَا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
Алардын бардыгын чогулта турган Күндө (Аллаһ) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар - тозок!-дейт (Аллаһ). Анда түбөлүк каласыңар! Аллаһ каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү
وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّي بَعْضَ الظَّالِمِينَ بَعْضًا بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, заалымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз

Choose other languages: