Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Anaam Ayahs #126 Translated in Kyrgyz

أَوَمَنْ كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُورًا يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ كَمَنْ مَثَلُهُ فِي الظُّلُمَاتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِنْهَا ۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْكَافِرِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктардан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле?? Ушул сыяктуу, каапырларга жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган
وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا فِي كُلِّ قَرْيَةٍ أَكَابِرَ مُجْرِمِيهَا لِيَمْكُرُوا فِيهَا ۖ وَمَا يَمْكُرُونَ إِلَّا بِأَنْفُسِهِمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.”
وَإِذَا جَاءَتْهُمْ آيَةٌ قَالُوا لَنْ نُؤْمِنَ حَتَّىٰ نُؤْتَىٰ مِثْلَ مَا أُوتِيَ رُسُلُ اللَّهِ ۘ اللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُ ۗ سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ
Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллаһтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллаһ Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллаһтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат
فَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يَهْدِيَهُ يَشْرَحْ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ ۖ وَمَنْ يُرِدْ أَنْ يُضِلَّهُ يَجْعَلْ صَدْرَهُ ضَيِّقًا حَرَجًا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِي السَّمَاءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ اللَّهُ الرِّجْسَ عَلَى الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ
Аллаһ кимди хидаятка (Туура Жолго) баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллаһ ыйман келтирбегендерге мына ушинтип жаза берет
وَهَٰذَا صِرَاطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًا ۗ قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ
Мына ушул (жогоруда айтылгандар) Раббиңдин Туура Жолу. Биз (Аллаһты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик

Choose other languages: