Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا مَا حَوْلَكُمْ مِنَ الْقُرَىٰ وَصَرَّفْنَا الْآيَاتِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Жана Биз, аныгында, силердин айланаңардагы (каапыр болгон) айыл-шаарларды да кыйратканбыз. (Ошого чейин) Биз аларга, (ширк иштеринен) кайтып калышаар деп Өзүбүздүн аяттарыбызды кеңири баяндап берген болчубуз
فَلَوْلَا نَصَرَهُمُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ قُرْبَانًا آلِهَةً ۖ بَلْ ضَلُّوا عَنْهُمْ ۚ وَذَٰلِكَ إِفْكُهُمْ وَمَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Эми (Аллаһка) жакындаштырат деп эсептеген, Аллаһтан башка «кудайлары» аларга жардам бере алса кана! Жок! (тескерисинче) алардан жок болуп (көрүнбөй) кетишти. Жана бул (ишенимдери) алардын өздөрү чыгарган жалгандары жана (Аллаһ жөнүндөгү) доомат сөздөрү
وَإِذْ صَرَفْنَا إِلَيْكَ نَفَرًا مِنَ الْجِنِّ يَسْتَمِعُونَ الْقُرْآنَ فَلَمَّا حَضَرُوهُ قَالُوا أَنْصِتُوا ۖ فَلَمَّا قُضِيَ وَلَّوْا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ مُنْذِرِينَ
Жана бир кезде, (о, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Кураан угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Кураан(ды уккан) га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула»-деп айтышты. Кураан окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти
قَالُوا يَا قَوْمَنَا إِنَّا سَمِعْنَا كِتَابًا أُنْزِلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَىٰ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ وَإِلَىٰ طَرِيقٍ مُسْتَقِيمٍ
Алар (коомуна барып мындай) дешти: «О, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана Туура Жолго баштай турган Китепти уктук
يَا قَوْمَنَا أَجِيبُوا دَاعِيَ اللَّهِ وَآمِنُوا بِهِ يَغْفِرْ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُجِرْكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
О, коомубуз! Аллаһтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт

Choose other languages: