Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #33 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ صَرَفْنَا إِلَيْكَ نَفَرًا مِنَ الْجِنِّ يَسْتَمِعُونَ الْقُرْآنَ فَلَمَّا حَضَرُوهُ قَالُوا أَنْصِتُوا ۖ فَلَمَّا قُضِيَ وَلَّوْا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ مُنْذِرِينَ
Жана бир кезде, (о, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Кураан угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Кураан(ды уккан) га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула»-деп айтышты. Кураан окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти
قَالُوا يَا قَوْمَنَا إِنَّا سَمِعْنَا كِتَابًا أُنْزِلَ مِنْ بَعْدِ مُوسَىٰ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ وَإِلَىٰ طَرِيقٍ مُسْتَقِيمٍ
Алар (коомуна барып мындай) дешти: «О, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана Туура Жолго баштай турган Китепти уктук
يَا قَوْمَنَا أَجِيبُوا دَاعِيَ اللَّهِ وَآمِنُوا بِهِ يَغْفِرْ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُجِرْكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
О, коомубуз! Аллаһтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт
وَمَنْ لَا يُجِبْ دَاعِيَ اللَّهِ فَلَيْسَ بِمُعْجِزٍ فِي الْأَرْضِ وَلَيْسَ لَهُ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءُ ۚ أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Ал эми, кимде-ким Аллаһтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллаһтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллаһтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар — анык адашууда болушат!»
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَلَمْ يَعْيَ بِخَلْقِهِنَّ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يُحْيِيَ الْمَوْتَىٰ ۚ بَلَىٰ إِنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллаһ, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал -бардык нерсеге кудуреттүү

Choose other languages: