Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Ahqaf Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

يَا قَوْمَنَا أَجِيبُوا دَاعِيَ اللَّهِ وَآمِنُوا بِهِ يَغْفِرْ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُجِرْكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
О, коомубуз! Аллаһтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт
وَمَنْ لَا يُجِبْ دَاعِيَ اللَّهِ فَلَيْسَ بِمُعْجِزٍ فِي الْأَرْضِ وَلَيْسَ لَهُ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءُ ۚ أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Ал эми, кимде-ким Аллаһтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллаһтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллаһтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар — анык адашууда болушат!»
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَلَمْ يَعْيَ بِخَلْقِهِنَّ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يُحْيِيَ الْمَوْتَىٰ ۚ بَلَىٰ إِنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллаһ, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал -бардык нерсеге кудуреттүү
وَيَوْمَ يُعْرَضُ الَّذِينَ كَفَرُوا عَلَى النَّارِ أَلَيْسَ هَٰذَا بِالْحَقِّ ۖ قَالُوا بَلَىٰ وَرَبِّنَا ۚ قَالَ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ
Каапырлар тозокко алып келинген Күндө, (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллаһ айтат: «Эми, каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!»
فَاصْبِرْ كَمَا صَبَرَ أُولُو الْعَزْمِ مِنَ الرُّسُلِ وَلَا تَسْتَعْجِلْ لَهُمْ ۚ كَأَنَّهُمْ يَوْمَ يَرَوْنَ مَا يُوعَدُونَ لَمْ يَلْبَثُوا إِلَّا سَاعَةً مِنْ نَهَارٍ ۚ بَلَاغٌ ۚ فَهَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الْفَاسِقُونَ
(О, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба. Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле

Choose other languages: