Quran Apps in many lanuages:

Surah Yusuf Ayahs #80 Translated in Kyrgyz

فَبَدَأَ بِأَوْعِيَتِهِمْ قَبْلَ وِعَاءِ أَخِيهِ ثُمَّ اسْتَخْرَجَهَا مِنْ وِعَاءِ أَخِيهِ ۚ كَذَٰلِكَ كِدْنَا لِيُوسُفَ ۖ مَا كَانَ لِيَأْخُذَ أَخَاهُ فِي دِينِ الْمَلِكِ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ ۚ نَرْفَعُ دَرَجَاتٍ مَنْ نَشَاءُ ۗ وَفَوْقَ كُلِّ ذِي عِلْمٍ عَلِيمٌ
(Издөөчү) инисинин жүктөрүнөн мурда агаларынын жүгүнөн баштады. Кийин аны (чөйчөктү) инисинин буюмдарынын арасынан сууруп чыкты. Биз Юсуфка ушундай амал үйрөттүк. Себеби ал (мисирлик) падышанын дини боюнча («ууру») инисин алып кала алмак эмес. Бирок, Аллаһ кааласа (башка жол менен да) алып калмак. Биз каалаган адамыбыздын даражасын көтөрөбүз. Бардык илим ээсинин үстүндө Билүүчү (Аллаһ) бар. (Юсуфтун агалары Биняминдин «уурулугу ачылып» калганын көрүп, жамандап башташты)
قَالُوا إِنْ يَسْرِقْ فَقَدْ سَرَقَ أَخٌ لَهُ مِنْ قَبْلُ ۚ فَأَسَرَّهَا يُوسُفُ فِي نَفْسِهِ وَلَمْ يُبْدِهَا لَهُمْ ۚ قَالَ أَنْتُمْ شَرٌّ مَكَانًا ۖ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَصِفُونَ
«Бул уурдаган болсо, мурдараак мунун бир тууган агасы (Юсуф) дагы уурулук кылган» Юсуф бул сөздөрдү(н таасирин) аларга билдирбей «жутуп» койду жана: (ичинен:) «Өзүңөр эң жаман адамсыңар. Айткан сөзүңөрдү (н чын-төгүнүн) Аллаһтын Өзү жакшы билет» — деди
قَالُوا يَا أَيُّهَا الْعَزِيزُ إِنَّ لَهُ أَبًا شَيْخًا كَبِيرًا فَخُذْ أَحَدَنَا مَكَانَهُ ۖ إِنَّا نَرَاكَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
Алар айтты: «Оо, улукзаада! Бул (ууру) баланын картайып калган атасы бар. Анын ордуна биздин бирөөбүздү алчы?! Биз сени жакшылык кылган кишилерден деп билебиз.»
قَالَ مَعَاذَ اللَّهِ أَنْ نَأْخُذَ إِلَّا مَنْ وَجَدْنَا مَتَاعَنَا عِنْدَهُ إِنَّا إِذًا لَظَالِمُونَ
«Аллаһ сактасын! — деди (Юсуф) — буюмубуз кимден табылган болсо, ошону гана алып калабыз. Антпегенде, биз зулум кылуучу болуп калабыз.»
فَلَمَّا اسْتَيْأَسُوا مِنْهُ خَلَصُوا نَجِيًّا ۖ قَالَ كَبِيرُهُمْ أَلَمْ تَعْلَمُوا أَنَّ أَبَاكُمْ قَدْ أَخَذَ عَلَيْكُمْ مَوْثِقًا مِنَ اللَّهِ وَمِنْ قَبْلُ مَا فَرَّطْتُمْ فِي يُوسُفَ ۖ فَلَنْ أَبْرَحَ الْأَرْضَ حَتَّىٰ يَأْذَنَ لِي أَبِي أَوْ يَحْكُمَ اللَّهُ لِي ۖ وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ
Андан (Юсуфтан) үмүттөрү үзүлгөндө, өз алдынча чогулуп кеңешишти. Алардын чоңу айтты: «Билбейсиңерби, атаңар силерден Аллаһты ортого коюп (Биняминди алып келесиңер деп) ант-убада алган. Мурдараак, Юсуф жөнүндө да ушундай (акылы) кыскалык кылгансыңар. Эми, мен качан мага атам уруксат бермейинче же Аллаһ (инибизди азат кылуу менен) менин пайдама өкүм кылмайынча ушул ордуман козголбоймун. Аллаһ - өкүм кылуучулардын мыктысы!.»

Choose other languages: