Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #97 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ بَوَّأْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ مُبَوَّأَ صِدْقٍ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ فَمَا اخْتَلَفُوا حَتَّىٰ جَاءَهُمُ الْعِلْمُ ۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقْضِي بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Биз Исрайил урпактарын эң мыкты орундарга (Фираундан калган кооз жерлерге) орноштуруп, таза-пакиза нерселерден ырыскы бердик. Алар качан өздөрүнө илим (ыйык китеп) келгенге чейин (чындык жөнүндө) талашып-тартышышкан жок. Чынында, (О, Мухаммад,) Сенин Раббиң, алардын арасындагы талашкан нерселерине Кыямат Күндө Өзү өкүм чыгарат
فَإِنْ كُنْتَ فِي شَكٍّ مِمَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ فَاسْأَلِ الَّذِينَ يَقْرَءُونَ الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكَ ۚ لَقَدْ جَاءَكَ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُمْتَرِينَ
(О, Мухаммад) Эгер Биз сага түшүргөн нерседе (туурабы же туура эмеспи деп) экиленип калсаң, өзүңдөн мурунку китепти (Тоорат, Инжилди) окуган (ынсаптуу) адамдардан сура.! Аныгында, сага Раббиңден Акыйкат (Кураан) келди. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбогун
وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ فَتَكُونَ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Жана сен Аллаһтын аяттарын “жалган” деген адамдардан болбогун! Анда зыян тартуучулардан болуп каласың
إِنَّ الَّذِينَ حَقَّتْ عَلَيْهِمْ كَلِمَتُ رَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ
Чынында, Раббиңдин сөзү (азабы аларга келиши) чындык болуп калган адамдар ыйман келтиришпейт
وَلَوْ جَاءَتْهُمْ كُلُّ آيَةٍ حَتَّىٰ يَرَوُا الْعَذَابَ الْأَلِيمَ
Эгер аларга (Аллаһтан) бардык далил-моожизалар келсе да, жан кыйноочу азапты (өз көздөрү менен) көрмөйүнчө ынанышпайт

Choose other languages: