Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #86 Translated in Kyrgyz

وَيُحِقُّ اللَّهُ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُجْرِمُونَ
Аллаһ кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот
فَمَا آمَنَ لِمُوسَىٰ إِلَّا ذُرِّيَّةٌ مِنْ قَوْمِهِ عَلَىٰ خَوْفٍ مِنْ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِمْ أَنْ يَفْتِنَهُمْ ۚ وَإِنَّ فِرْعَوْنَ لَعَالٍ فِي الْأَرْضِ وَإِنَّهُ لَمِنَ الْمُسْرِفِينَ
Мусага (көпчүлүк) ыйман келтирбеди. Өзүнүн коомунан бир тайпа жаш жигиттер гана! Фираун менен анын адамдары аларды (күч менен) динден кайтарып коюусунан корккон абалда ыйман келтиришти. (Анткени,) Фираун жер бетинде багынтуучу (каардуу) жана чектен чыккандардын бири эле
وَقَالَ مُوسَىٰ يَا قَوْمِ إِنْ كُنْتُمْ آمَنْتُمْ بِاللَّهِ فَعَلَيْهِ تَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُسْلِمِينَ
Муса айтты: “О, коомум! Эгер Аллаһка ыйман келтирген жана мусулман болсоңор, (ыйман милдетин аткаргыла жана) Аллаһка тобокел кылгыла
فَقَالُوا عَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْنَا رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Алар (Мусанын коому анын сөзүнө муюп) айтты: “Аллаһка тобокел! О, Рабби! Бизди заалым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо
وَنَجِّنَا بِرَحْمَتِكَ مِنَ الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Жана Өз Ырайымың менен бизди каапыр коомдон куткар

Choose other languages: