Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #88 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ مُوسَىٰ يَا قَوْمِ إِنْ كُنْتُمْ آمَنْتُمْ بِاللَّهِ فَعَلَيْهِ تَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُسْلِمِينَ
Муса айтты: “О, коомум! Эгер Аллаһка ыйман келтирген жана мусулман болсоңор, (ыйман милдетин аткаргыла жана) Аллаһка тобокел кылгыла
فَقَالُوا عَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْنَا رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Алар (Мусанын коому анын сөзүнө муюп) айтты: “Аллаһка тобокел! О, Рабби! Бизди заалым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо
وَنَجِّنَا بِرَحْمَتِكَ مِنَ الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
Жана Өз Ырайымың менен бизди каапыр коомдон куткар
وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ وَأَخِيهِ أَنْ تَبَوَّآ لِقَوْمِكُمَا بِمِصْرَ بُيُوتًا وَاجْعَلُوا بُيُوتَكُمْ قِبْلَةً وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ ۗ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ
Биз Муса менен агасына (Хаарунга): “Экөөң коомуңар үчүн Мисирде (ибадат кылуучу) үйлөрдү кургула жана (эгер жалпы ибадатканада намаз окууга тоскоолдук болсо) өз үйүңөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга (жакында келе турган Аллаһтын жардамы тууралуу) сүйүнүчтүү кабар айткыла!”-деп вахий кылдык
وَقَالَ مُوسَىٰ رَبَّنَا إِنَّكَ آتَيْتَ فِرْعَوْنَ وَمَلَأَهُ زِينَةً وَأَمْوَالًا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا رَبَّنَا لِيُضِلُّوا عَنْ سَبِيلِكَ ۖ رَبَّنَا اطْمِسْ عَلَىٰ أَمْوَالِهِمْ وَاشْدُدْ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُوا حَتَّىٰ يَرَوُا الْعَذَابَ الْأَلِيمَ
Муса айтты: “О, Раббим! Сен Фираун менен анын адамдарына (бул) дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң! О, Раббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. О, Раббим! Алардын мал-мүлкүнө апаат берип, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын

Choose other languages: