Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #77 Translated in Kyrgyz

فَكَذَّبُوهُ فَنَجَّيْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ وَجَعَلْنَاهُمْ خَلَائِفَ وَأَغْرَقْنَا الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُنْذَرِينَ
Андан соң коому аны (дагы бир ирет) “жалганчы” дешти. Анан Биз аны жана аны менен бирге болгондорду кемеде куткарып, (топон суудан кыйрагандарга) орунбасар кылдык жана Биздин аяттарыбызды “жалган дегендерди чөктүрүп салдык. Эскертилген адамдардын акыбалы кандай болгонун көрүп кой
ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِ رُسُلًا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ فَجَاءُوهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا بِمَا كَذَّبُوا بِهِ مِنْ قَبْلُ ۚ كَذَٰلِكَ نَطْبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِ الْمُعْتَدِينَ
Кийин Биз анын (Нухтун) артынан (көп) пайгамбарларды өз коомдоруна жибердик. Алар коомдоруна анык далилдерди (моожизаларды) көргөзүштү. Бирок, алар, (моожизаларды көрсө да) мындан мурун “жалган” деген нерселерине (динге) ыйман келтиришпеди. Биз чектен чыгуучулардын жүрөгүн ушинтип мөөрлөп койобуз
ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ مُوسَىٰ وَهَارُونَ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ بِآيَاتِنَا فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا مُجْرِمِينَ
Андан соң пайгамбарлардын артынан Муса (бин Имран) менен (агасы) Харунду Фираун жана анын сарай кызматчыларына, Өзүбүздүн моожизаларыбыз менен жиберген кезде алар текеберленип, кылмышкер коом болуп калышты
فَلَمَّا جَاءَهُمُ الْحَقُّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا إِنَّ هَٰذَا لَسِحْرٌ مُبِينٌ
Анан качан аларга Биздин алдыбыздан Акыйкат келгенде: “Бул — анык сыйкыр” дешти
قَالَ مُوسَىٰ أَتَقُولُونَ لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَكُمْ ۖ أَسِحْرٌ هَٰذَا وَلَا يُفْلِحُ السَّاحِرُونَ
Муса айтты: “Силерге Акыйкат келгенде (бул — сыйкыр) деп жатасыңарбы?! Ушул сыйкырбы? Сыйкырчылар максаттарына жете албайт!”

Choose other languages: