Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #72 Translated in Kyrgyz

قَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا ۗ سُبْحَانَهُ ۖ هُوَ الْغَنِيُّ ۖ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ إِنْ عِنْدَكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ بِهَٰذَا ۚ أَتَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
(Каапырлар) “Аллаһтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал — Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (О, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллаһ жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй бересиңерби
قُلْ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ
Айткын: “Аллаһка жалгандарды ойлоп тапкан адамдар (Тозоктон) кутулушпайт!”
مَتَاعٌ فِي الدُّنْيَا ثُمَّ إِلَيْنَا مَرْجِعُهُمْ ثُمَّ نُذِيقُهُمُ الْعَذَابَ الشَّدِيدَ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
(Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз
وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ نُوحٍ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ إِنْ كَانَ كَبُرَ عَلَيْكُمْ مَقَامِي وَتَذْكِيرِي بِآيَاتِ اللَّهِ فَعَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْتُ فَأَجْمِعُوا أَمْرَكُمْ وَشُرَكَاءَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُنْ أَمْرُكُمْ عَلَيْكُمْ غُمَّةً ثُمَّ اقْضُوا إِلَيَّ وَلَا تُنْظِرُونِ
(О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллаһтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллаһка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллаһка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла
فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَمَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ ۖ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُسْلِمِينَ
Эгер (насааттарымды кабыл албай) кетсеңер, мен силерден (динге чакырганым үчүн) акы сураганым жок. Сооп-сыйлыкты мен Аллаһтан гана сураймын. Жана мен мусулмандардан (Аллаһтын Өзүнө гана моюн сунуучулардан) болууга буюрулганмын”

Choose other languages: