Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #70 Translated in Kyrgyz

أَلَا إِنَّ لِلَّهِ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ ۗ وَمَا يَتَّبِعُ الَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ شُرَكَاءَ ۚ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُونَ
Уккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллаһтын гана мүлкү. Аллаһтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот
هُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَسْمَعُونَ
Ал (Аллаһ) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар
قَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا ۗ سُبْحَانَهُ ۖ هُوَ الْغَنِيُّ ۖ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ إِنْ عِنْدَكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ بِهَٰذَا ۚ أَتَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ
(Каапырлар) “Аллаһтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал — Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (О, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллаһ жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй бересиңерби
قُلْ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ
Айткын: “Аллаһка жалгандарды ойлоп тапкан адамдар (Тозоктон) кутулушпайт!”
مَتَاعٌ فِي الدُّنْيَا ثُمَّ إِلَيْنَا مَرْجِعُهُمْ ثُمَّ نُذِيقُهُمُ الْعَذَابَ الشَّدِيدَ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
(Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз

Choose other languages: