Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #43 Translated in Kyrgyz

بَلْ كَذَّبُوا بِمَا لَمْ يُحِيطُوا بِعِلْمِهِ وَلَمَّا يَأْتِهِمْ تَأْوِيلُهُ ۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ
Жок! Алар Кураанды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-мааниси аларга келбей туруп “жалган” дешет. Алардан мурунку каапырлар дагы (өз Пайгамбарына келген чындыкты) ушинтип “жалган” дешкен. Эми, заалымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун карап тур
وَمِنْهُمْ مَنْ يُؤْمِنُ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ لَا يُؤْمِنُ بِهِ ۚ وَرَبُّكَ أَعْلَمُ بِالْمُفْسِدِينَ
Алардын арасында Кураанга ыйман келтиргендери да бар, ыйман келтирбегендери да бар. Сенин Раббиң бузуку адамдарды Билүүчү
وَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ لِي عَمَلِي وَلَكُمْ عَمَلُكُمْ ۖ أَنْتُمْ بَرِيئُونَ مِمَّا أَعْمَلُ وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ
Эгер сени “жалганчы” дешсе (көңүл бурбай, даават ишиңди уланта бер, жана) аларга айт: “Менин ишим - өзүмө, силердин ишиңер - өзүңөргө. Менин иштериме силер жооп бербейсиңер, силердин ишиңерге мен жоопкер эмесмин”
وَمِنْهُمْ مَنْ يَسْتَمِعُونَ إِلَيْكَ ۚ أَفَأَنْتَ تُسْمِعُ الصُّمَّ وَلَوْ كَانُوا لَا يَعْقِلُونَ
Алардын арасынан кээ бирөөлөрү сага кулак салышат. Сен дүлөйлөргө кантип угузмак элең, (өздөрү) акылдарын иштетпей жатышса
وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْظُرُ إِلَيْكَ ۚ أَفَأَنْتَ تَهْدِي الْعُمْيَ وَلَوْ كَانُوا لَا يُبْصِرُونَ
Алардан дагы бирөөлөрү сени(н аракетиңе сынтагып) тиктеп турушат. Эгер (акыл көзү менен) көрө алышпаса, сен сокур адамды кантип Туура Жолго баштамаксың

Choose other languages: