Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

وَمَا كَانَ هَٰذَا الْقُرْآنُ أَنْ يُفْتَرَىٰ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَٰكِنْ تَصْدِيقَ الَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ وَتَفْصِيلَ الْكِتَابِ لَا رَيْبَ فِيهِ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Бул Кураан Аллаһтан башка эч кимден келбеген. Ал (Кураан) өзүнөн мурунку (Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу) китептерди тастыктайт, (адал-арам маселелерин) толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок
أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ ۖ قُلْ فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِثْلِهِ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Же алар: “Аны (Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллаһтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош бир гана сүрө келтиргилечи?!”
بَلْ كَذَّبُوا بِمَا لَمْ يُحِيطُوا بِعِلْمِهِ وَلَمَّا يَأْتِهِمْ تَأْوِيلُهُ ۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ
Жок! Алар Кураанды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-мааниси аларга келбей туруп “жалган” дешет. Алардан мурунку каапырлар дагы (өз Пайгамбарына келген чындыкты) ушинтип “жалган” дешкен. Эми, заалымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун карап тур
وَمِنْهُمْ مَنْ يُؤْمِنُ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ لَا يُؤْمِنُ بِهِ ۚ وَرَبُّكَ أَعْلَمُ بِالْمُفْسِدِينَ
Алардын арасында Кураанга ыйман келтиргендери да бар, ыйман келтирбегендери да бар. Сенин Раббиң бузуку адамдарды Билүүчү
وَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ لِي عَمَلِي وَلَكُمْ عَمَلُكُمْ ۖ أَنْتُمْ بَرِيئُونَ مِمَّا أَعْمَلُ وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ
Эгер сени “жалганчы” дешсе (көңүл бурбай, даават ишиңди уланта бер, жана) аларга айт: “Менин ишим - өзүмө, силердин ишиңер - өзүңөргө. Менин иштериме силер жооп бербейсиңер, силердин ишиңерге мен жоопкер эмесмин”

Choose other languages: