Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ يَهْدِيهِمْ رَبُّهُمْ بِإِيمَانِهِمْ ۖ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهِمُ الْأَنْهَارُ فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ
Чынында, ыйман келтирип салих амал кылган адамдарды, ыймандары себептүү Раббиси Туура Жолго баштайт. (Натыйжада) Бейиш бактарында алардын (жайгашкан орундарынын) астында дарыялар агып турат
دَعْوَاهُمْ فِيهَا سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وَتَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَامٌ ۚ وَآخِرُ دَعْوَاهُمْ أَنِ الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Бейиште алардын дуба-ибадаттары: “О, Аллаһ! Сен бардык кемчилдиктүү сыпаттардан Тазасың!” деген сөздөрдөн, учурашуулары “салам-салам” деген сөздөрдөн. Дубалары(нын аягы) болсо: “Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун!” (деген сөз менен бүтөт)
وَلَوْ يُعَجِّلُ اللَّهُ لِلنَّاسِ الشَّرَّ اسْتِعْجَالَهُمْ بِالْخَيْرِ لَقُضِيَ إِلَيْهِمْ أَجَلُهُمْ ۖ فَنَذَرُ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
Эгер Аллаһ (каапыр) адамдарга жакшылыкты (алар өздөрү) шаштырышканы сыяктуу жамандыкты да шаштырып келтирчү болсо, (качан эле) алардын жашоо мөөнөттөрү бүтүп (кыйрап) калмак. (Бирок) Бизге жолугууну үмүт кылбаган адамдарды өз адашуусунда, тентиген кейипте таштап койобуз
وَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ الضُّرُّ دَعَانَا لِجَنْبِهِ أَوْ قَاعِدًا أَوْ قَائِمًا فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُ ضُرَّهُ مَرَّ كَأَنْ لَمْ يَدْعُنَا إِلَىٰ ضُرٍّ مَسَّهُ ۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْمُسْرِفِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Жана эгер бир инсанды (ооруу, апаат сыяктуу) зыян кармаса, жатып да, отуруп да, турган абалында да Бизге (жалбарып) дуба кылып калат. Эми, качан андан зыянды арылтсак, зыян кармаганда Бизге дуба кылбаган сыяктуу (тескери) басып кетет. Чектен чыккан адамдарга жасаган иштери ушинтип кооз көргөзүп койулат
وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا الْقُرُونَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَمَّا ظَلَمُوا ۙ وَجَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ وَمَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي الْقَوْمَ الْمُجْرِمِينَ
Биз силерден мурун да көп муундарды каапыр болуп кеткенде кыйратып салганбыз. Аларга өз Пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде, ыйман келтирбей коюшкан болчу. Биз күнөөкөр элди ушинтип жазалайбыз

Choose other languages: