Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #80 Translated in Kyrgyz

فَلَا يَحْزُنْكَ قَوْلُهُمْ ۘ إِنَّا نَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ
(О, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз
أَوَلَمْ يَرَ الْإِنْسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ
Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди
وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ ۖ قَالَ مَنْ يُحْيِي الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ
Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтирет
قُلْ يُحْيِيهَا الَّذِي أَنْشَأَهَا أَوَّلَ مَرَّةٍ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ
Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет
الَّذِي جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الْأَخْضَرِ نَارًا فَإِذَا أَنْتُمْ مِنْهُ تُوقِدُونَ
Ал силерге көк (жана ным) дарактан отун жасап берген.! Силер аны жагып жатасыңар

Choose other languages: