Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #82 Translated in Kyrgyz

وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ ۖ قَالَ مَنْ يُحْيِي الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ
Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтирет
قُلْ يُحْيِيهَا الَّذِي أَنْشَأَهَا أَوَّلَ مَرَّةٍ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ
Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет
الَّذِي جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الْأَخْضَرِ نَارًا فَإِذَا أَنْتُمْ مِنْهُ تُوقِدُونَ
Ал силерге көк (жана ным) дарактан отун жасап берген.! Силер аны жагып жатасыңар
أَوَلَيْسَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ ۚ بَلَىٰ وَهُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ
Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи?? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү
إِنَّمَا أَمْرُهُ إِذَا أَرَادَ شَيْئًا أَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат

Choose other languages: